
Намаз окуйм, бирок жүрөгүм тынч эмес… I Данияр Чормошев I Заман Подкаст
94:14 · 5 202 прослушиваний
Из альбома Zaman podcast
Описание
Биздин “Заман” подкастыбыздын кезектеги коногу – белгилүү психолог, көп адамдардын жашоосунун жакшы жакка өзгөрүүсүнө себеп болгон Данияр Чормошев. Коногубуз менен психология илими жөнүндө маек кылдык. Жана маек учурунда көптөгөн суроолорго токтолуп кеттик. Мисалы: ислам дини психологиягы каршыбы, адамдын жүрөгү эмнеге тынчтык таппайт, кыйын адамдар эмнеге жардамга көбүрөөк муктаж, жашообузду кантип жеңилдете алабыз, мусулман адам психологко кайрылышы керекпи, депрессия тууралуу жана андан чыгуу жолдору. Бул темалар азыр коомубузда актуалдуу болуп, көп адамдар ар кайсы ойдо, түшүнүктө жүрөт. Биздин подкаст суроолору көп адамдарга жообун тапканы пайдасы тиет деп жана жалпы угармандарга кызыктуу, пайдалуу болот деген үмүттөбүз. Таймкоды: 0:00 – Тизер 01:31 – Киришүү 02:52 – Жүрөктүн тынчтыгын кайдан табабыз 05:20 – Психология тармагына кантип келдим 07:12 – Өзүм депрессияга түшүп калдым 10:28 – Психология илими адамдарга керекпи 13:21 – Батыш жана Чыгыш психологиясынын айырмасы 15:10 – Бактылуулук эмнеде 16:34 – Депрессиядан кантип чыкса болот 21:36 – Ислам жана психология илими 26:05 – «Пациент» же «Клиент» деп айтпайм 27:57 – «Травма отвергнутости» кантип пайда болот 31:23 – Зекет берүүнүн психологиясы 41:51 – Аллах Таалага таянуу жана жоопкерчилик алуу 45:58 – Мусулман адам психологко кайрылышы керекпи 53:45 – Молдого дем салдырыш керекпи 56:22 – Кыйын адамдар жардамга көбүрөөк муктаж 1:00:38 – Адам ийгиликке өзү жетеби 1:03:25 – Сюцай, нумерология дегендерди кантиптүшүнөбүз 1:09:30 – Кайсы китептерди сунуштайм 1:14:41 – Өзүмдүн жашоомду өзгөртөм дегендерге сунуш 1:17:45 – Үй-бүлөлүк психология 1:20:30 – «Тормозитеткенди» үйрөнүп жатам 1:23:51 – Адам ийгиликке жетпей калса 1:31:06 – Адамдын ичиндеги чырагы